Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан “Түп” картошка өстүрүү борборуна барды. Министр борбордун ишмердүүлүгү, картошка сактоо инфраструктурасы жана техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Борбордун негизги максаты – дыйкандарды сапаттуу жаңы үрөн менен камсыз кылуу жана картошканын уруктук материалдарын өндүрүү. Учурда уруктук картошка 2–3 градус температурадагы атайын муздаткыч кампаларда сакталууда, бул алардын сапатын узак убакытка чейин сактоого мүмкүндүк берет.

Министр Бакыт Төрөбаев борбордун лабораториялык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, in vitro технологиясы аркылуу картошка өндүрүү жана жаңы сортторду чыгаруу планы тууралуу маалымат алды. Борбордун өкүлдөрү жергиликтүү фермерлерди сапаттуу уруктук материал менен камсыз кылуу демилгесин сунушташты.

Төрөбаев бул демилгелер урук чарбасын өнүктүрүүдө, импортко көз карандылыкты азайтууда жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өсүшүн камсыздоодо маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media