Балык чарбаларынын коопсуздугу үчүн лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө

Балык чарбаларынын коопсуздугу үчүн лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө

А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту балыктардын негизги вирустук жана бактериялык жугуштуу ооруларын лабораториялык шартта так жана ыкчам аныктоого багытталган иштерди жүргүзөт. Институтта заманбап диагностикалык жабдуулар жана тажрыйбалуу адистер иштейт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Институт балык өндүрүүчүлөргө вирустук жана бактериялык инфекцияларды аныктоо, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча консультация берүү жана чарбалардагы оорулардын алдын алуу боюнча адистештирилген кызматтарды сунуштайт.

Лабораториялык изилдөөлөр балык чарбаларындагы оорулардын алдын алууга, өндүрүштүн туруктуулугун камсыздоого жана продукциянын сапатын жогорулатууга жардам берет.

Институт өлкөдөгү бардык балык чарбаларын кызматтарды пайдаланууга чакырат. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 60. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту

Мындан тышкары окуңуз

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин айрым абоненттерге ысык суу берүү токтотулат. Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт: * Панфилов көчөсү: 188/2,

Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Президент Садыр Жапаров күн мурун Бишкек шаарындагы "Ырыс Ордо" Конгресс-борборуна барып, объекттин расмий ачылышына карата даярдык иштерин текшерди. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, 14,7 гектар аянтты ээлеген комплекстин курамына борбордук имарат жана расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган сегиз мейман үйү кирет. Конгресс-борбор

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер "Жибек-Жолу проспектисиндеги Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун жүрүшүндө канализациялык коллектордун диаметри 300 миллиметрден 600 миллиметрге чейин кеңейтилип, жаңы тармак Кулиев көчөсүндөгү шаардык канализациялык коллекторго кошулду. Жалпысынан 1 243 метр