Ошто милиция кызматкерлери 300 миң сом пара опузалап кармалды

Ошто милиция кызматкерлери 300 миң сом пара опузалап кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 300 миң сом опузалап акча талап кылган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Араван РИИБдин кызматкери М.Ж.А. жана Ноокат РИИБдин тергөөчүсү С.А.Ш. жарандан тергөө иштеринде оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн акча талап кылган. Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.

Учурда тергөө жана ыкчам иштер улантылып, кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен