Түптөгү мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Түптөгү мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы В. Кайкин атындагы орто мектеп 1978-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги оңдоо иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Мындан тышкары, сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Жаңы баскетбол жана волейбол талаалары да салынды.

Курулуш иштерин Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилгенден бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлгөн, ал эми 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен