Баткенде курулуш коопсуздугун бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Баткенде курулуш коопсуздугун бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектуралык-курулушта контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан Баткен облусундагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында, Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталды.

Объект “Асыл Холдинг” ЖЧКсы тарабынан курулуп жатат. Натыйжада, аталган компанияга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш ченемдеринин талаптарын жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Эгер курулуш талаптарын бузуулар аныкталса мыйзамда каралган тиешелүү чаралар көрүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды