Тоң районунда УКМКнын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Тоң районунда УКМКнын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, ардагерлер жана кызматкерлер катышты.

Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү байланыштык каражаттар жана тармактык жабдуулар менен камсыздалды.

"Атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүрүп жатат. Мындан улам кызматкерлердин ишмердүүлүгү таза жана адилеттүү болуусу керек деген талап коюлду", - деген ал жемкорлук жана башка мыйзамсыз иштер менен күрөшүү, өзгөчө коопсуздук кызматкерлери арасында катуу көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда Ташиев Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media