Бишкекте адамдык капиталды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Бишкекте адамдык капиталды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

25-ноябрда Бишкекте “Социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммитинин жыйынтыктары боюнча андан аркы кадамдар” аттуу консультациялар өттү. Иш-чарага өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана эксперттер коомчулугу катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу өз сөзүндө Кыргызстанда адамдык капиталды өнүктүрүү билим берүү, саламаттык сактоо, иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо тармактарындагы улуттук артыкчылыктар менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багыттар 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасындагы максаттарга жетүүдө чечүүчү роль ойнойт.

Ал Дохада кабыл алынган Саясий декларация Кыргызстандын артыкчылыктарына толук шайкеш келерин айтып, жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгекке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сапаттуу социалдык кызматтарды камсыз кылуу, жаштардын дараметин өнүктүрүү жана “эч кимди артта калтырбоо” принциптерин баса белгиледи.

Министрдин орун басары Кыргызстандын демографиялык мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, калктын жарымынан көбү эмгекке жарамдуу жашта, ар бир үчүнчү жаран бала экенин белгилеп, бул потенциалды туруктуу экономикалык өсүшкө айлантуу маанилүү экенин айтты.

Ал өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин билдирип, Улуттук программаны практикалык кадамдар аркылуу ишке ашыруу маанилүү экенин кошумчалады.

“Адамга инвестиция салуу — туруктуу өнүгүүнүн негизи. Биз татыктуу эмгекке жеткиликтүүлүктү, кесиптик билим берүүнүн жана социалдык коргоонун сапатын жогорулатууну улантабыз, ошондо ар бир жаран өз дараметин толук ишке ашыра алат”, — деди Бакыт Дарманкул уулу.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media