Digital Farmer Hackathon 2025: Жеңүүчүлөр аныкталды

Digital Farmer Hackathon 2025: Жеңүүчүлөр аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агрардык сектордо жана суу ресурстарын башкарууда инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган Digital Farmer Hackathon 2025 сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарба тармагында санариптик жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү жана заманбап чечимдерди практикада колдонууга шарт түзүү.

Калыстардын баалоосунун жыйынтыгында төмөнкү үч команда жеңүүчү деп табылды:

1-орун – AIU-Team: «AgriVision» долбоору – дрондор жана жасалма интеллект аркылуу талаалардын абалын эрте мониторинг кылуу системасы.
2-орун – Tamchy Agro KG: Улуттук деңгээлдеги сугат суусунун керектелишин мониторинг кылуу системасы.
3-орун – Акыл Жер: Кыргызстандын агросектору үчүн бирдиктүү интеллектуалдык санариптик платформа.

Сунушталган долбоорлор агрардык тармактын жана суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталып, практикалык колдонууга жогорку потенциалга ээ. Жалпы сынакка 13 команда катышты.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылып, министрлик менен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтык сунушталды. Калган катышуучуларга ыраазычылык каттары берилди. Министрлик сынакка катышкан бардык командалардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилеп, айыл чарбасын модернизациялоого жана санариптик трансформациялоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media