Кара-Кулжада 150 млн сомго коомдук-маданий борбор курулуп жатат
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы коомдук маданий борбордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Каржылоо КРнын Турукташтыруу фондунан жүргүзүлүп, 150 млн сом каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери 2025-жылдын 7-июлунда башталып, учурда ички жасалгалоо, фасаддын сыртындагы жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактын жалпы аянты – 3986,97 чарчы метр.
Долбоорго ылайык, 3 кабаттан турган имаратта (кошумча жертөлөсү бар) кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана башка бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле автоунаа токтотуучу жай да каралган.
Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы инфратүзүмдү жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.




Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу