Сузакта 184 млн сомго жаңы мектептин курулушу башталды

Сузакта 184 млн сомго жаңы мектептин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылында №1 М.Фрунзе мектебинин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 184 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.

Башкы план боюнча объекттин жалпы аянты 2944 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имараттан турат. Мектепте негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, кыздар, балдар үчүн эмгек класстар, актовый жана спорт залдары заманбап шарттары менен каралат.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө, учурда пайдубалы куюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун маалыматына ылайык, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкентте Эл аралык валюта фондунун Швейцария-Польша шайлоочулар округу боюнча аткаруучу директору Патрик Лошевски менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу 29-30-июнда Өзбекстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында уюштурулган. Тараптар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

2026-жылдын 30-июнунда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинде КРнын ишкердик субъекттерин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү үчүн тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ишкердик субъекттеринин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча 26 арызды кароого алды. Анын жыйынтыгы боюнча

Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Агроөнөр жай тармагына 8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Жалпы көлөмү 12 млрд 985,7 млн сомду түзгөн 8 жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында акыркы 6 айда 8 млрд 163,6 млн сомдон ашык каражат айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Каржылоо "Айыл чарбасын каржылоо