Добуш берүү аяктап, катышкандардын саны 34 пайыздан ашты

Добуш берүү аяктап, катышкандардын саны 34 пайыздан ашты

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү саат 20:00дө аяктады. Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери өз ишин жыйынтыктады.

Ушул тапта автоматташтырылган урналар аркылуу алынган маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына түшүп жатат.

Боршайкомдун маалыматына караганда, саат 19:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 34,31 пайызды түздү, тагыраагы, 1 млн 473 миң 264 адам добуш берди. Мыйзам бузуулар боюнча 67 кайрылуу келип түшкөн жана бардыгы укук коргоо органдары тарабынан каралып чыгып, тийиштүү чечим кабыл алынмакчы.

Билдирүүгө ылайык, шайлоо тилкелеринде эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон жок.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен