БШК: Парламенттик шайлоого 1 млрд 582 млн сом сарпталды

БШК: Парламенттик шайлоого 1 млрд  582 млн сом сарпталды

БШК мөөнөтсүз парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин үгүт фонддорунун каржылоосу боюнча маалыматтарды жарыялады. БШКнын контролдук-ревизиялык тобунун маалыматына караганда, көп мандаттуу округдар боюнча талапкерлер жана 9 талапкер көрсөткөн «Ынтымак» партиясы жалпы 510 атайын эсепти “Элдик Банк” жана “Айыл Банкта” ачкан.

Комиссия маалымдашынча, шайлоо убагында “Финансылык ачыктык” автоматташтырылган системасы колдонулуп, ал “Түндүк” аркылуу маалымат алып, акча түшүүлөр менен чыгымдарды БШКнын сайтында реалдуу убакытта көрсөтүп турган. 

29-ноябрга карата үгүт фонддорунун атайын эсептерине жалпы 1 млрд 791 млн сом түшкөн:

  • талапкерлердин жеке каражаттары — 1 млрд 92 млн сом;
  • партиянын жеке каражаттары — 3,797 млн;
  • жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулугу — 659,063 млн;
  • юридикалык жактардын кайрымдуулугу — 13,208 млн.
  • Туура эмес түшкөн каражаттардын кайтарылышы 22,079 млн сомду түзгөн.
  •  1 миллиард 582 млнн сом чыгымдалды

Шайлоо кампаниясы учурунда талапкерлер жана партия төмөнкү багыттарга каражат бөлүшкөн:

  • шайлоо күрөөсү — 147,08 млн сом;
  • мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматтары — 11,875 млн;
  • ар кандай кызматтар (байланыш, ижара, күйүүчү май, агитаторлордун, байкоочулардын жана штабдын акысы) — 1 млрд 134 млн;
  • агитациялык материалдарды даярдоо жана таратуу — 230,7 млн, анын ичинен 8,9 миллиону мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган материалдарга;
  • башка чыгымдар — 42,38 млн.

Чыгымдар боюнча туура эмес төлөмдөрдү кайтаруу 15,931 миллион сомду түзгөн. Эсептерде калган каражат — 209,2 миллион сом.

БШК белгилегендей, бардык талапкерлердин үгүт фонддорунун түшүүлөрү жана чыгымдары мыйзамдагы чектен — бир талапкерге 20 миллион сомдон ашкан эмес.

БШКнын депозиттик эсебине жалпы 147,08 миллион сом шайлоо күрөөсү түшкөн, анын ичинде:

  • 478 өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден — 143,4 миллион сом;
  • I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген 14 талапкерден — 0,7 миллион;
  • III топтогу 4 талапкерден — 0,28 миллион;
  • “Ынтымак” партиясынын 9 талапкеринен — 2,7 миллион.

Бул каражаттар республикалык бюджетке өткөрүлөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media