Элдар Абакиров №26 округдагы 460 миң сомду териштирүүнү талап кылды

Элдар Абакиров №26 округдагы 460 миң сомду териштирүүнү талап кылды

№26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров БШКдан жана укук коргоо органдарынан ушул шайлоо округундагы 460 миң сомдун чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылганын "Азаттык" жазды.

“20 күндө эки чоң мыйзам бузуу аныкталган. Бири Бишкек шаарында талапкер 80 миң доллар таратып жаткан жеринен кармалып,  шайлоодон четтетилди. Экинчи чоң мыйзам бузуу Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Кызыгы, бул аягына чыкпай, каражаттын ээси жоктой эле болуп калды. Күч органдары, бийлик, БШК элдин таза шайлоого ишенимин актайм десе, күнөөлүүнү таап, шайлоодон четтетет. Бул адилеттүү жана таза чечим болот”, - деген Абакиров.

Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бул билдирүү боюнча Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп жатканын билдирген.

Эске салсак, БШК 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media