Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо санариптештирилет

Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо санариптештирилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо процессин санариптештирүүгө багытталган электрондук маалымат системасын түзүү иштери уланып жатканын маалымдады. Жаңы система колдонууга уруксат берилген каражаттар боюнча маалыматтарды бирдиктүү каталогго топтоп, алардын эсепке алынышын жана байкоого алынышын камсыздайт.

Электрондук каталог ФАО жана ГЭФтин "Пестициддердин жашоо циклин башкаруу жана ТОК-пестициддерин жок кылуу" долбоорунун алкагында иштелүүдө. Платформанын ишке киргизилиши мамлекеттик органдар, жеткирүүчүлөр жана айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүп, агрохимикаттарды көзөмөлдөө жана мониторинг системасын жаңылоого өбөлгө түзөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы он жыл ичинде катталган бардык пестициддер жана агрохимикаттар маалымат базасына киргизилип, толук жана жаңыланган реестр түзүлүүдө. Электрондук системанын жүзөгө ашырылышы жеткирүүчүлөр үчүн документ жүгүртүү процессин жеңилдетип, каттоо жана текшерүү иштерин автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле маалыматтын ачыктыгын жогорулатып, мамлекеттик адистердин ишин оптималдаштырууга, кагаз ишин кыскартууга жана пестициддердин жашоо циклін толук көзөмөлдөөгө жол ачат.

Жаңы платформанын ишке кириши агрохимикаттарды коопсуз колдонуу, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media