Токтогул райондук ооруканасына 3 кабаттуу кошумча корпус курулууда

Токтогул райондук ооруканасына 3 кабаттуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы райондук оорукананын кошумча корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды. 

Долбоорго ылайык, 100 койкалуу кошумча корпус үч кабаттан турат. Ошондой эле жертөлөсү да бар. Имараттын жалпы аянты 3863,57 чарчы метр. Долбоор ишке ашкандан кийин район тургундары үчүн медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулап, бейтаптарды кабыл алуучу орундар кеңейип, ооруканадагы шарттар бир топ жакшырат. 

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми корпустун долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм