Республика боюнча 37 068 сасык тумоо катталса, анын 73%ын балдар түзөт

Республика боюнча 37 068 сасык тумоо катталса, анын 73%ын балдар түзөт

Күн мурун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо үчүн ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди күчөтүү, калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. Ыкчам штаб бала бакчалар, мектептер жана соода борборлору, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде профилактикалык иштерди күчөтүүнү сунуштады. Интенсивдүү өсүш сакталса, балдар көп чогулган жайларда убактылуу чектөө жана карантин киргизүү каралат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 48-жумада республикада 37 068 сасык тумоо жана респиратордук инфекциялар катталып, мурунку жумага салыштырмалуу 2,5 эсе көп болду. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, алардын 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорулардын очоктору негизинен Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда.

Бишкек шаарында 25ке жакын мектеп убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын мектеп онлайн окууга өттү, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн режимге өткөрүлдү. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында бет кап кийүү милдеттүү, дезинфекциялоо жана бактерициддик тазалоо жүргүзүлүүдө. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүп, калкка мындан аркы чаралар жана сунуштар өз убагында берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media