"Соң-Көл балык чарба" ишканасы 6,5 млн балык уругун инкубацияга жайгаштырды

"Соң-Көл балык чарба" ишканасы 6,5 млн балык уругун инкубацияга жайгаштырды

Балык өнөр жайы комплекси департаменти 2025-2026-жылдарга карата Кыргызстандын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма көбөйтүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул иш-чаралардын алкагындагы кезектеги этап "Соң-Көл балык чарба" мамлекеттик ишканасы тарабынан толук аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту тарабынан алдын ала макулдашылып, бекитилген план-прогноздун негизинде ишке ашырылды.

Маалым болгондой, Кочкор районунун Эпкин айылында жайгашкан инкубация цехинде сига-лудога балыгынын 6 миллион 500 миң даана уругу алынып, атайын инкубациялык Вейс аппараттарына жайгаштырылды. Бул процесс жасалма көбөйтүү технологияларын колдонуу аркылуу балык түрлөрүн сактоого жана алардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Департаменттин айтымында, 2025-2026-жылдарга белгиленген программа өлкөнүн балык чарбасынын биологиялык потенциалын кеңейтүүгө, балык чарбачылык ишканалардын туруктуу иштешин камсыздоого жана экологиялык тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү — Кыргызстандын суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү бөлүгү. Аталган иштердин жыйынтыгында өлкөнүн суу сактагычтарында жана көлдөрүндө балык санынын олуттуу көбөйүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media