Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндө көп функционалдуу спорт комплекси курулуп жатат

Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндө көп функционалдуу спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарында А. Токтоналиев көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Объект тик бурчтук формасындагы эки кабаттуу имарат болуп саналат. Имараттын жалпы аянты 2 296 м², ал эми жер тилкесинин аянты — 0,2637 гектарды түзөт.

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучунун бөлмөсү, калыстын бөлмөсү, персонал үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, инвентар бөлмөсү, ошондой эле эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы каралган.

Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө бар.

Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Имараттын пайдубалы тасма түрүндө курулуп, сырткы дубалдары жана ички бөлүктөрү сэндвич-панелдерден тургузулган. Металл каркастын колдонулушу имараттын бекемдигин, энергиянын үнөмдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү эксплуатациясын камсыздайт.

Подряддык уюм — "Компания Аль Фирдаус" ЖЧКсы.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен