Быйыл Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөгөндөргө 2 903 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Быйыл Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөгөндөргө 2 903 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан мончо, сауна ээлери менен санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүу уланууда. Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлагандай, 2025-жылдын 11 айында, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан 204 рейд өткөрүлдү.

Анын жүрушундө адистер 650дөн ашык чарба субъектилери (өнөр-жай ишканалар, мончо, сауна жана жеке турак үйлөр) текшерилген. Билдирүүгө караганда тыюу салынган заттарды өрттөө фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабына ылайык 290 протокол түзүлүп, 2 903 500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынган.

Ошондой эле рейддер учурунда тиричилик калдыктарын жана ар кандай таштандыларды мештерде өрттөө – айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтирери түшүндүрүлүүдө. Таштандылар күйгөндө абага диоксин, фуран сыяктуу уулуу заттар бөлүнүп чыгып, дем алуу органдарына, жүрөк-кан тамыр системасына, айрыкча балдар менен улгайган адамдардын саламаттыгына олуттуу зыян тийгизет.

Мындан сырткары, 0–13 мм фракциясында көмүрду колдонуу да атмосфералык абанын булганышын күчөтөрү белгиленүүдө.

0:00
/3:23

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media