2025-жылдын эң маанилүү курулуш ишинин бири - “Манас” эл аралык аэропорту

2025-жылдын эң маанилүү курулуш ишинин бири - “Манас” эл аралык аэропорту

“Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо 2025-жылдын эң маанилүү курулуш иштеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, реконструкциялоо иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, “Авангард” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми аэропорттун эскиздик долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.

Аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык, 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулат.

Ошондой эле, аэропорттун дизайны улуттук колориттин негизинде толук өзгөртүлүп Манас атанын эстелиги коюлат. Ошол эле учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан сырткары, траволатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган.

Бүгүнкү күндө А, Б, В, Г, Д блокторунда ички инженердик системаларды монтаждоо, чатырдын металл конструкцияларын орнотуу жана ички дубалдарындагы кошумча иштер аткарылууда.

0:00
/0:36

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media