"Ак-Тилек" чек ара бекетинде 6480 кг мыйзамсыз балык өлкөгө киргизилген жок

"Ак-Тилек" чек ара бекетинде 6480 кг мыйзамсыз балык өлкөгө киргизилген жок

Чүй облусуна караштуу "Ак-Тилек" чек ара көзөмөл өткөрүү жайында Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга мыйзамсыз алып келинген 6480 кг балык азыктары бар оор жүк ташуучу унаа өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору жүргүзгөн текшерүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталды. Балык азыктары белгиленген эрежелерди бузуу менен ташылып жатканы тастыкталгандан кийин, инспекторлор тиешелүү тартипте артка кайтаруу актысын түзүштү.

Бул чаралар өлкөнүн эпизоотикалык коопсуздугун камсыздоого, жарандардын ден соолугун коргоого жана ЕАЭБдин бирдиктүү ветеринардык талаптарынын аткарылышын камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5