Кыргызстанда "30+20+10" долбоору менен агрардык тармак толук санариптештирилди

Кыргызстанда "30+20+10" долбоору менен агрардык тармак толук санариптештирилди

Кыргызстандын агрардык тармагын санариптештирүүгө багытталган "30+20+10" улуттук долбоору өлкө боюнча активдүү ишке ашууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен мурдагы "3+2" форматы кеңейтилип, эми кайра иштетүү тармагын да камтыган комплекстүү платформага айланган.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында фермерлердин паспорттук маалыматтары, жер аянттары, техникасы жана жабдуулары боюнча ири реестр түзүлүп, бүгүнкү күндө 400 миңден ашык фермер санариптик система аркылуу катталган.

Фитосанитардык көзөмөл, карантин, сертификаттоо, импорт жана экспорт сыяктуу бардык агрардык процедуралар толугу менен электрондук форматка өткөрүлүп, фермерлерге документтерди онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, убакытты жана чыгымдарды азайтты.

Жаңы системанын натыйжалуулугу аймактарда да байкалып жатат. Маселен, Нарын облусунун Жон-Булак айылындагы фермер Кубатбек Амантуров 10 жылдан бери мал бордоо менен алектенип, эт багытындагы жылкы, уй жана койлорду багып, базарларга өткөрүп келет. Ал малдын семирүүсү жана сатылышы боюнча маалыматтарды санариптик каттоолор аркылуу так жүргүзүп, продукцияны 90–95 миң сомдон сатууга жетишкен. Фермердин айтымында, санариптик мүмкүнчүлүктөр чарбанын ишин жеңилдетип, продукцияны сатууну да тездеткен.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media