Ош шаарында суу коргоо тилкесин бузган ишканага 130 миң сом айып салынды

Ош шаарында суу коргоо тилкесин бузган ишканага 130 миң сом айып салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы “Фирма МПА” ЖЧКсынын “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашканын аныктады. Текшерүү учурунда, компаниянын суу коргоо зоналарынын талаптарын сактабаганы белгилүү болду.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган ишканага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча 100 000 сом, 247-беренеси боюнча 17 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, ишканага “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесин бошотуу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча жазма буйрук берилди, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.

Бирок контролдук текшерүүдө талаптар аткарылбаганы аныкталды. Натыйжада “Фирма МПА” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренеси боюнча кошумча 13 000 сом айып пул салынды. Жалпысынан компанияга 130 000 сом айып пул жазылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media