Суу тазалагыч фильтрди койгондо, суунун пайдасы жоголот

Суу тазалагыч фильтрди койгондо, суунун пайдасы жоголот

Бишкектиктерге суу тоодон түшкөн арыктан берилбейт. Шардыктар үчүн артезин суусу 200м тереңдиктен алынат жана тазаланып, хлорлонуп, бактерияланып, анан элге берилет. Мындай маалыматты Бишкек суу каналынын Суунун жабдуу кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов Биринчи радионун “Маанилүү маек” программасынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, суу хлорлонуп, чыпкалануудан сырткары бактерияциддик лампа түтүктөрү аркылуу өткөрүлөт. Суунун сапатын атайын лабороториянын өкүлдөрү күн сайын анализдеп, текшерип турат. Тийиштүү учурда суу түтүктөрү атайын тазалануудан өтөт.   

“Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүнөн келген суунун сапаты абдан жакшы. Анын курамында тийиштүү заттын баары бар. Ал эми үйлөргө фильтр коюштун менимче кажети жок. Албетте фильтр коюш ар бир жарандын өз эрки. Бирок аны койгондо суудагы болгон керектүү жана керексиз заттын баары өлүп калат да, суунун эч кандай пайдасы жок, өлүк суу болуп калат.” – деп билдирди, Кеңешбек Акматов.

Адистин айтымында, илгери сыртка чыгып агып турган суу азыр 100 метрге чейин терең качып кетти. Андыктан ашыкча чыгым кылбоо максатында, эсептөөчү каражаттарды койдуруу аракети кызуу жүрүп жатат. Сууну ашыкча чыгымдоо көйгөйү айрычка жеке менчик үйлөрү жайгашкан конуштарда көп кездешет.   

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media