БШК: 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды

БШК: 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу токтомду кабыл алды.

Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү. Аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты.

Жалпысынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзам талаптарына ылайык, кынтыксыз жогорку деңгээлде өттү, деп билдирген БШКнын маалыматында.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media