Үй-бүлөлүк жана жарандык баалуулуктардын мыкты үлгүлөрү боюнча сынак жарыяланды

Үй-бүлөлүк жана жарандык баалуулуктардын мыкты үлгүлөрү боюнча сынак жарыяланды

Бишкек шаарынын райондорунда "Үлгүлүү аксакал", "Үлгүлүү байбиче", "Нарктуу келин", "Мыкты ата", "Үлгүлүү үй-бүлө", "Үлгүлүү көчө", "Үлгүлүү конуш", "Үлгүлүү ишкана", "Үлгүлүү жамаат (коллектив)" аттуу сынак өткөрүлөт.

Шаар мэриясынан кабарлагандай, конкурска Бишкек шаарынын тургундары, эмгек жамааттары, ишканалар, кичирайондор жана конуштар катыша алышат. Конкурска катышуу ыктыярдуу жана акысыз.

Конкурсанттардын арыздары 2025-жылдын 15-декабрына чейин муниципалдык администрациялар тарабынан кабыл алынат. Катышуучулардын арызында төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл:

* катышуучулар тууралуу кыскача маалымат;

* жетишкендиктери жөнүндө маалымат (документтер менен тастыкталса — диплом, грамота, сертификат ж.б.);

* фото жана видео материалдар (презентация);

* МАБдан берилген сунуштама.

 Долбоордун негизги максаттары жана милдеттери — үй-бүлөлүк, маданий жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, шаарды өнүктүрүүгө жаратмандык менен салым кошкондугу үчүн жарандарды, үй-бүлөлөрдү, жамааттарды жана уюмдарды сыйлоо, коомдук жана үй-бүлөлүк активдүүлүктүн, жарандык жоопкерчиликтин мыкты үлгүлөрүн жайылтуу болуп саналат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө муниципалдык администрациялардын ыраазычылык каттары, ардак грамоталары жана эстелик белектер тапшырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media