Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген шылтоо менен анын акчасын ээлеп, кийинчерээк Бишкектеги соода борборлорунун банкоматтарына котортушуп жана ал жактан чыгарып алышкан.
Бул факты боюнча КР КЖКнын 209-беренеcи (алдамчылык), 4-бөлүм, 1-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө алдындагы текшерүү дайындалды.

Андан соң Бишкек ШИИББнын УУР кызматкерлери 2000-жылы туулган Б.Б. аттуу жаранды кармашты.

Аны Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизишти.

Азыркы учурда Бишкек ШИИББнын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка башка тиешелүү адамдарды аныктоо максатында оперативдик-тергөө жана техникалык иштерди жүргүзүшүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media