Чектелген мүмкүнчүлүктөр жок, чектөөчү чөйрө гана бар

Чектелген мүмкүнчүлүктөр жок, чектөөчү чөйрө гана бар

Кыргызстанда ар бир 3чү жаран Яндекс тиркемесин колдонот жана анын ичиндеги жеткиликтүү кызматтарды пайдаланышат. Албетте көбүнчө такси жана жеткирүү кызматтарын көп колдонгондуктан, бул тиркеменин ичинде биз изилдеп, колдонуп көрбөгөн бир катар оциялар бар экенин көптөр биле беришпейт. Анын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жеңилдеткен жагымдуу жагдайларды, алардын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын бүгүн Яндекстин эл аралык социалдык долбоорлорунун менеджери Мария Тимофеева журналисттерге айтып берди.

Мария Тимофееванын айтымында инклюзивдик жеткиликтүүлүктү жайылтуу Яндекстин алдыга койгон маанилүү тапшырмаларынын бири болуп саналат. Тагыраагы сервистик кызматты толугу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар колдонуп, жашоосун жеңилдетип кете алышат.

«Биз инклюзивдүүлүк принциби аркылуу адамдар санариптик чөйрөдө тең укуктуу жеткиликтүүлүккө жетишине жардам берет деп эсептейбиз. Эгерде биз кызматтарыбызды ыңгайлаштырбасак, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрбөсөк, анда чектелүү чөйрөнү жараткан болобуз. Айтып коюшат го “Чектелген мүмкүнчүлүк жок, чектөөчү чөйрө гана бар” деп, анынсыңарындай биздин милдет — дал ушул чөйрөөнү тазалап, тоскоолдуктарды жоюу. Биз муну кантип жасайбыз? Биринчиден, бардык кызматтарыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушуна кам көрөбүз» - дейт Мария Тимофеева.

Адистин айтымында азыркы тапта бул тапшырмалар четинен чечилип, жергиликтүү калктын социалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу жолго салынган. Атайын сервистин санарип адаптациясы деген түшүнүк бар. Ага ылайык, ар бир телефондогу Яндекстин тиркемесинде өз алдынча “скринридерлер” орун алган. Алар онлайн чөйрөдө баардыгы үчүн жеткиликтүү. Эң биринчи кезекте көзү азиздерге жана угуусунан мүчүлүштүгү барларга бул кызмат абдан пайдалуу.  

“Биздин контенттеги “кинопоиск” опцийибизде 100дөн ашуун кино тифлокомментарийленген. “Тифлокомментарий” - бул көрүүсү начар адамдар кабыл алган визуалдык маалыматтын ордун толтуруу же аны толуктоочу атайын даярдалган опция. Мисалы, биз кино көрүп жатканда сөздөрдөн сырткары кубулуштарды көрүп турабыз, ал эми көрүүсү начарлар үчүн бул кубулуштарды тифлокомментарий маалымат иретинде берип турат. Мисалга алсак “кашык жерге түштү...” ж.б дегендей” – дейт, Мария Тимофеева көзү азиздерге сунушталган артыкчылыктар тууралуу маалымат берип жатып.

Мындан сырткары Яндекс такси кызматы угуусу начар жана дүлөй жүргүнчүлөргө да, айдоочуларга жагымдуу шарттарды түзгөн. Ага ылайык, рулда дүлөй айдоочу бара жатканы тууралуу маалымат жүргүнчүгө дароо маалымдалат жана ал сүйлөй албастыгына байланыштуу жазуу менен гана байланыша алаары белгиленет.

Ошондой эле, өз алдынча кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган, атайын арабада жүрүүчү майып адамдардын өзгөчөлүгү дагы Яндекс тарабынан эске алынган. “Равенство” майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлмира Казакунованын айтымында, Яндекс тиркемеси аркылуу майыптыгы бар адамдардын жол жүрүшү абдан жеңил болуп калды.

“Акыркы жылдары бизге жол жүрүү - кайрымдуулук катары бекер сунушталат. Ай сайын тийиштүү сумманын чегиндеги каражатка жол жүрүү акысыз ишке ашырылат. Мисалы менин офисимде 8 киши иштесек. Анын 7си майыптыгы бар келин-кыздар. Шаардын бир четинен экинчисине өз алдынча жетиш биз үчүн аябай азап болчу. Кудайга шүгүр, эми ыңгайлуу болуп калды. Инвалиддик арабасы бар деген опцияны бассан эле, айдоочу шыр түшүнөт. Жардамдашып, унаага салышат, жеткирип коет, анан да акысыз болот” – дейт, Гүлмира Казакунова.

Яндекстин социалдык чөйрөдөгү жакшы кабыл алынып жаткан дагы бир өзгөчөлүгү болуп, окуучулар жана мугалимдерге арналган акысыз IT билим берүү курстары саналат. Адистердин айтымында, заманбап технологиянын өнүгүшү менен нейротармактын маанилүү багыттарын жасалма интелекттин өзгөчөлүгүн билип алуу мүмкүнчүлүгү онлайн негизде жеткиликтүү.

“Биздин IT адистерди даярдоо аракетибиз аркылуу бир гана Яндекске эмес жалпы Кыргызстандагы бардык бизнестин түрү үчүн маанилүү деп ойлойбуз. Азыркы тапта 1000 ашуун окуучу бул онлайн курсту окуп бүттү. Адатта биз окууга жогорку класстын окуучуларын тартабыз. Ага алайык, IT тармактан билимин тереңдеткенден кийин алар техникалык окуу жайларга тапшырууга, олимпиадаларга катышууга жана күнүмдүк турмашта колдонуп, акча табууга жардам берет деп ишенебиз – дейт Яндекстин эл аралык социалдык долбоорлордун менеджери Мария Тимофеева.

Яндекс мугалимдер үчүн дагы акысыз онлайн-курстарын өткөрүүнү улантууда. Анын негизинде мугалимдер нейротармактагы жөндөмүн өркүндөтүп, билимин жаңылап жана санариптик чөйрөдө суроо-талапка ээ болгон заманбап технологияларды өздөштүрүп алышмакчы.   

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media