Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды

Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды

КР УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, аталган мекеменин кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк берип келишкен.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында 2025-жылдын ортосунда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталды. Анын натыйжасында, алар туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып беришкен.

2025-жылдын 10-декабрында аталган кылмыш ишинин алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар жогоруда айтылган 2 жолку соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүшкөн.

КР УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media