Социалдык тармакта улуттар аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган жаран кармалды

Социалдык тармакта улуттар аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган жаран кармалды

УКМК этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн болгон.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.

Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Билдирүүнүн автору Т.А.Д. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media