Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу сунушталды

Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу сунушталды

Кыргызстанда жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу пландалып жатат. Тиешелүү МинКаб токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

МинКаб маалыматына ылайык, эс алуу жана майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу үчүн, бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш графигинде иштеген кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй сунуш сунушталып жатат:

  • 2026-жылдын 8 жана 9-январын эс алуучу күндөр катары белгилөө,
  • 2026-жылдын 7-февралындагы эс алуу күнүн — 2026-жылдын 8-январына,
  • 2026-жылдын 25-апрелиндеги эс алуу күнүн — 2026-жылдын 9-январына которуу.

Түшүндүрмө-негиздемеде айтылгандай, азыркы мезгилде жана Жаңы жылдан кийинки убакта курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо оорулары салттуу түрдө көбөйөт.

2026-жылы мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 12-январга чейин белгиленгендиктен, ата-энелердин балдары менен бирге эс алуулары үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого жардам берет.

"Январдын алгачкы эки жумасы — кышкы туристтик сезондун эң кызуу убагы. Каникулдарды узартуу чакан жана орто бизнес үчүн кошумча киреше алып келип, туристтик мүмкүнчүлүгү бар региондордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле энергетикалык дефицитти кыскартууга, коммуналдык инфраструктурага түшкөн жүктү азайтууга жардам берет. Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртат жана калктын ден соолугун жана жыргалчылыгын чыңдоого салым кошот", — деп билдиришти Эмгек министрлигинен.

Ведомствонун маалыматына караганда, каникулдарды узартуу боюнча чечимди кабыл алуу олуттуу бюджеттик чыгашаларды талап кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media