16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

16-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат

16-декабрда Бишкек шаарында Элебаев көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн жылдыруу иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады.

Суу берүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана социалдык-тиричилик объектилерине чектелет. Өчүрүү аймагы Ж. Пудовкин көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт.

Суу убактылуу токтотула турган объектилердин арасында Чыгыш РЭСи, Октябрь райондук акимиаты, "Глобус" соода борбору, бир катар ресторандар жана чайканалар, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери, ошондой эле Юг-2 кичи районунун айрым үйлөрү бар.

Ошондой эле Матросов көчөсүндөгү курулуш кампалары жана соода түйүндөрү, "Бишкексырбаза" аймагы да өчүрүүгө кирет. Мындан тышкары, бир катар насостук станциялар (ПНС) убактылуу иштебейт.

"Бишкексууканал" МИси жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.