Алайкуудагы кар жиреп мектепке бараткан Нурзаман Президенттик балатыга чакырылды

Алайкуудагы кар жиреп мектепке бараткан Нурзаман Президенттик балатыга чакырылды

Жакында эле соцтармактардын бирине калың карды жиреп мектепке бара жаткан окуучунун видеосу чыгып, коомчулукта чоң талкуу жараткан. Ошол Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы "Айдың-Көл" башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбеков президенттик балатыга чакырылганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул видеону Садыр Жапаров өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары, билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалып жатат",-деп жазган Д.Орунбеков баракчасында.

Буга улай ал Нурзаман Алмазбеков алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек. Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын бири, математика жана кыргыз адабияты сабагына көп көңүл бурат. Ошондой эле сүрөт тартууга, спорттун футбол түрүнө шыктуу экенин кошумчалаган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бажы кызматы белгилегендей, жолугушууда тараптар мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматтарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоо, адистерди даярдоо жана заманбап

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу