БШК депутаттарга төш белгилерди качан тапшырарын билдирди

БШК депутаттарга төш белгилерди качан тапшырарын билдирди

Жогорку Кеңештин каттоодон өткөн депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда расмий түрдө тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

БШКнын билдирүүсүнө ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округ боюнча шайланып келген 87 депутатты каттоо жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алынган. Ошол эле учурда №13 шайлоо округунда өткөн добуш берүү мыйзам талаптары бузулгандыгына байланыштуу жараксыз деп табылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 589 жаран талапкер катары көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 63 талапкер өз арызын кайтарып алган, 56 жаранга каттоодон өтүүдөн баш тартылган, ал эми 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган.

Шайлоого жыйынтыгында 460 талапкер катышкан. Алардын 271и эркек, 189у аял талапкерлер болуп, ошондой эле майыптыгы бар 16 талапкер катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамда каралган гендердик квотанын талаптары толук сакталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media