Дыйкандарга 21 млрд сомго 9 миңден ашуун техника лизингге берилди

Дыйкандарга 21 млрд сомго 9 миңден ашуун техника лизингге берилди

Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6% үстөк пайызы менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоонун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 21,8 млрд сомго 9 016 даана техника дыйкандарга лизинг жолу менен берилген. Анын ичинен 2025-жылы 7,2 млрд сомго 2 029 техникатапшырылган.

Алардын катарында:

  • тракторлор – 854 даана,
  • комбайндар – 56,
  • айыл чарба машиналары – 407,
  • кайра иштетүү техникалары – 13,
  • атайын техникалар – 709 даана бар.

Белгиленгендей, айыл чарбасын механизациялоо максатында министрлик тарабынан дыйкандардын техника паркын жаңылоо жана толуктоо багытында иштер улантылууда. 2011-жылдан бери "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып, айыл чарба техникасын жеткиликтүү шарттарда алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media