Кара-Сууда фермерлер үчүн жаңы тейлөө борбору ачылды

Кара-Сууда фермерлер үчүн жаңы тейлөө борбору ачылды

Кара-Суу районунун Большевик айылында Түштүк аймактагы дыйкан-фермерлер үчүн Министрликтин аймактык өкүлчүлүгү жана “Фермерлерди тейлөө борбору” расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Эми дыйкан-фермерлер мамлекеттик кызматтарды жеринде алып, агрардык маселелерди “Бир терезе” принциби менен ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул аркылуу фермерлер убактысын үнөмдөп, чыгымын азайтып, натыйжаны тезирээк көрө алышат.

Жаңы имаратта министрликтин бардык ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барат. Бул борбор фермер үчүн кеңсе, консультациялык борбор жана билим булагы катары кызмат кылат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев борбордун ачылыш аземинде белгилегендей:

“Министрликтин түштүк өкүлчүлүгү жана “Фермерлерди тейлөө борбору” аркылуу дыйкан-фермерлер агротехнология, суу пайдалануу, кайра иштетүү, субсидиялар, программалар жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча бир жерден кеңеш алып, чечим таба алышат. ‘Бир кабинеттен экинчисине чуркоо’ доору аяктап, мамлекет фермерге жакындаган учур келди!”

Бул борбордун ачылышы Түштүк аймактагы айыл чарба өнүгүүсүнө жаңы дем берип, фермерлердин ишин жеңилдетүүгө багытталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media