Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адамдын 29 миңи жумушка даяр

Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адамдын 29 миңи жумушка даяр

15-декабрда Бишкекте "Майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктарын ишке ашыруу" аттуу тегерек стол өттү. Иш-чара жумуш менен камсыздоону кеңейтүү жана инклюзивдүү эмгек чөйрөсүн түзүү маселелерине арналды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Айнура Орозбаева белгилегендей, учурда Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт, алардын 29 миңи иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. 2025-жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орноштурулду, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен жогору болгон уюмдар майыптыгы бар жарандар үчүн кеминде 4% жумуш ордун камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле "Социалдык контракт" жана "Чексиз" демилгелери өз алдынча ишкердикти өнүктүрүүгө жана инклюзивдүү жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарды колдоо жана инклюзивдүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media