Кыргызстанда "Санарип көчмөн" статусун алуу үчүн онлайн платформа ишке кирди

Кыргызстанда "Санарип көчмөн" статусун алуу үчүн онлайн платформа ишке кирди

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын "Санарип көчмөн" (Digital Nomad) статусун алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган электрондук платформа ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Онлайн-сервис төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: http://dnomad.e-gov.kg.

Чет өлкөлүк жаран адегенде платформада жеке жеке кабинетин активдештирүү үчүн өтүнмө жөнөтөт. Жеке кабинет активдештирилгенден кийин гана "Санарип көчмөн" статусун алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

Арыз берүү зарыл болгон документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.

"Санарип көчмөн" статусу чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө жашоого жана аралыктан иштөөгө мүмкүндүк берет. Биринчи этапта статус 60 күнгө берилет. Экинчи этапта ал 1 жылга узартылат жана жыл сайын 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Зарыл документтердин тизмеси жана статус алуу тартиби менен платформанын расмий сайтынан таанышууга болот: Кеңеш алуу жана суроолор боюнча байланыш телефону: +996 (312) 66-39-64.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media