Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды

Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды

Талас ОИИБге Талас облусунун 62 жаштагы тургуну Ч.К. аттуу жаран баңгизатты колдонуп жана өзү жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү туураалуу маалымат келип түшкөн. Анын натыйжасында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин  баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, 2025-жылдын 11-декабрында Талас ОИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын 1963-ж.т тургуну Ч.К. кармалды. Талас шаарындагы анын турак-жайын жана короо-сарайларын тинтүү учурда, бангизаттардын марихуана 18288,54 грамм, каннабистин соломасы 4062 грамм, гашиш 1,29 грамм алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 22 кг, 351 гр түзөт.

Шектүүгө карата Талас шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media