VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: "Биримдик кербени" долбоору башталат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: "Биримдик кербени" долбоору башталат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкек шаарында "Биримдик кербени" аттуу уникалдуу маданий долбоор башталат. Ал Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, суунун биримдиктин, тазалыктын жана жаңылануунун символу катары өлкө боюнча сапарын чагылдырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Долбоордо ар бир аймактын ыйык дарыялары, көлдөрү жана булактары өзгөчө руханий мааниге ээ болуп, улуттук спортту, маданиятты жана жашоону даңазалаган “Баатырлар” жана “Элчилер” активдүү катышат.

Долбоордун негизги учурларынын бири — ыйык булактардан алынган суу менен Көөкөрдү толтуруу аземи. Өлкөнүн ар кайсы бурчунан чогултулган суу Бишкекке жеткирилип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында достуктун жана ынтымактын символуна айланат.

Мындан тышкары, шаар тургундары жана коноктору үчүн биримдиктин бул белгисин көрүп, эстеликке сүрөткө түшө турган атайын жайлар уюштурулат. Бишкек шаары долбоорду даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышып, улуттук демилгени колдоодо.

"Биримдик кербени" — бул маданий долбоор гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарын жана элдерди бириктирген, салт-санааны, руханий мурасты жана биргелешкен аракеттин күчүн даңазалаган чоң улуттук жөрөлгө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media