Чүйдө 78 кайра иштетүүчү ишкана жана 7 соода‑логистикалык борбор ачылат

Чүйдө 78 кайра иштетүүчү ишкана жана 7 соода‑логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га чейин жеткирүүнү максаттап, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Чүй облусунда 7 соода‑логистикалык борбор жана 78 кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда. Алар айыл чарба продукциясын сактоо, жоготууларды азайтуу жана кайра иштетүүнү көбөйтүү үчүн иштейт. Өндүрүш буудай, жашылча‑жемиш, мөмө‑жемиш, сүт, эт, жүн, май жана тоют менен байланыштуу болот.

Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:
• Аламүдүн району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
• Жайыл району – 1СЛБ, 14 кайра иштетүучү ишкана;
• Москва району – 1 СЛБ, 12 кайра иштетүүчү ишкана;
• Сокулук району – 1 СЛБ, 8 кайра иштетүүчү ишкана;
• Ысык-Ата району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Кемин району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
• Панфилов району: 5 кайра иштетүүчү ишкана;
• Чүй району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Токмок шаары – 9 кайра иштетүүчү ишкана;
• Бишкек шаары – 5 кайра иштетүучү ишкана;

Бул чаралар бардык район жана айыл аймактарды камтып, ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыздоого шарт түзөт. Натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуулары азайып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплекси атаандаштык жөндөмүн кеңейтет.

Министрлик ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат, анткени бул демилгелер аймактарда кайра иштетүү тармагын жана агробизнес секторун өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media