Күздүк себүү жумуштарынын 62,4%ы аткарылып, 155,6 миң га жер айдалды

Күздүк себүү жумуштарынын 62,4%ы аткарылып, 155,6 миң га жер айдалды

Күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 155,6 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 62,4 % аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Факт түрүндө себилген күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 147,6 миң гектар аянтты түзүп, анын 66,6 миң гектары кайрак жерлерге, 80,9 миң гектары сугат аянттарга себилген. Ал эми күздүк арпа жалпы 8037,5 гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2976,9 гектары сугат, 5060,6 гектары кайрак жерлерге туура келет.

Облустар боюнча:
Баткен облусунда 7,3 миң га себилип, анын 6,53 миң га күздүк буудай (сугат — 4148,0 га, кайрак — 2385,0 га), 793 га күздүк арпа (сугат — 363 га, кайрак — 430 га) түздү.

Жалал-Абад облусунда 16,0 миң га себилип, анын 15,2 миң га күздүк буудай (сугат — 6226,0 га, кайрак — 9011,7 га), 931,5 га күздүк арпа (сугат — 40,5 га, кайрак — 891 га) түздү.

Ош облусунда 17,1 миң себилип, анын 16,7 миң га күздүк буудай (сугат — 7931,0 га, кайрак — 8749,0 га), 434 га күздүк арпа (сугат — 65 га, кайрак — 369 га) түздү.

Талас облусунда 5,3 миң га күздүк буудайдын айдоосу толук бүткөрүлүп, анын бардыгы сугат жерлерге себилди.

Чүй облусунда 100,2 миң га себилип, анын 94,5 миң га күздүк буудай (сугат — 37,4 миң га, кайрак — 57,1 миң га), 5 879,0 га күздүк арпа (сугат — 2599,0 га, кайрак — 3280 га) түздү.

Ысык-Көл облусунда 9,2 миң га себилип, анын 9,2 миң га күздүк буудай (сугат — 5582 га, кайрак — 3697 га) түзд

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media