Өлкөдө 9 негизги азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээли талданып жатат

Өлкөдө 9 негизги азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээли талданып жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда 9 негизги социалдык маанилүү азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээлин аныктоо максатында кеңири талдоо жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анализ ар бир районду камтып, өлкөнүн азык‑түлүк коопсуздугун камсыздоодо кайсы товарлар боюнча ички өндүрүш жетиштүү, кайсы тармактарда кошумча колдоо талап кылынарын аныктай турган маалыматтарды берет.

Жыйналган маалыматтардын негизинде министрлик айыл чарба товар өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана сатуучулар менен системалуу иш алып барууну көздөйт, ошондой эле катышуучуларды стимулдаштыруу, рынокто өз ара координацияны күчөтүү жана региондордо азык‑түлүк менен туруктуу камсыздоону жогорулатуу багытында иштерди алдыга жылдырат.

Алынган жыйынтыктарга карата министрлик азык‑түлүк коопсуздугун бекемдөө, ички өндүрүштү өнүктүрүү жана импорттук көз карандылыкты азайтуу боюнча практикалык чараларды жана мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгат.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды — адистерди, ишкерлерди жана жарандарды тигелүү маалыматтарды, сунуштарды жана идеяларды берүүгө чакырат, анткени бул пикирлер жүргүзүлүп жаткан талдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Байланыш үчүн: Чекирбаев Уран Кадырович, Азык‑түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү өнөр жайы жана органика башкармалыгы (тел.: 0555 778 336).

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media