Ветеринардык коопсуздукту камсыздоо үчүн видеобайкоо системалары орнотулууда

Ветеринардык коопсуздукту камсыздоо үчүн видеобайкоо системалары орнотулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен аткарылган иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мал союучу жайларда жана мал базарларында коопсуздукту жогорулатуу максатында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы видеобайкоо системаларын этап-этабы менен киргизүүдө.

Учурда республика боюнча 54 мал союучу жайга, 5 мал базарына жана Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясына видеокамералар орнотулган.

Азыркы тапта мал базарларында жана мал союучу жайларда жалпы 23 камера үзгүлтүксүз иштеп, процесстерди көзөмөлдөп турат.

Мындан тышкары, кызмат Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуу жана аларды Ситуациялык борбордун системасына интеграциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Министрлик 11 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды коомчулукка мындан ары да үзгүлтүксүз сунуштап турат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө