Айыл чарба министри дыйкандарды заманбап сугаруу системаларын колдонууга чакырды

Айыл чарба министри дыйкандарды заманбап сугаруу системаларын колдонууга чакырды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды суу үнөмдөөчү заманбап системаларды орнотууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Министрдин айтымында, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана жаан-чачындын азайышы суу ресурстарын үнөмдөөнү талап кылат, айрыкча Ысык-Көлдө абал татаал.

Өкмөт суу сактагычтарды куруп, каналдарды реконструкциялап, бетон полотно чыгаруучу заводду ишке киргизүү аркылуу жоготууларды азайтууда. Учурда заманбап сугаруу системалары 16 миң гектарга орнотулган, 2030-жылга чейин 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда.

Дыйкандар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү бар: мамлекеттик жана райондук фонддор, банктар, Дүйнөлүк банк долбоорлору, 2026-жылдан тарта жеңилдетилген кредиттик механизмдер.

"Бул системалар сууну үнөмдөп, түшүмдү көбөйтүп, продукциянын сапатын жакшыртат. Натыйжада дыйкандардын кирешеси өсөт", — деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media