Балыкчы шаарына 10 жаңы автобус тапшырылды

Балыкчы шаарына 10 жаңы автобус тапшырылды

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника келет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Автобустун ачкычын Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тапшырды. 24 орундуу автобустар Кытайдан алып келинген. Жакынкы күндөрү шаарга кошумча дагы 10 даана атайын техника алып келүү пландалууда.

Ошондой эле, Туманбаев Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин жана шаардагы инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн каркасы 3-кабатка чейин көтөрүлүп, жаңы конуштарда таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык объектилердин абалын көрдү. Атап айтканда, мурда инженердик коммуникациялар менен камсыз болбогон жаңы конуштарда ичүүчү таза суу тартуу жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандек айыл өкмөтүндө калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик адмистрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта базардын кийим-кече сатылган 80 метрлик соода аянты толугу менен оңдолуп, 50дөн ашуун ишкер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, соодагерлер үчүн 50 орундуу жаңы соода жайы да