Башкы прокурор Дохада Кыргызстандын коррупцияга каршы чараларын таанытты

Башкы прокурор Дохада Кыргызстандын коррупцияга каршы чараларын таанытты

15-19-декабрда Башкы прокурор Максат Асаналиев Катардын Доха шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясына катышуучу мамлекеттердин конференциясынын XI сессиясына (CoSP-11) катышууда.

Иш-чарага 190дон ашык мамлекеттин өкүлдөрү, 2 000ден ашуун прокурорлор, коррупцияга каршы органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Конференция БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулоочу глобалдык платформа болуп саналат.

Сессияда Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чараларына, жетишкендиктерине, укуктук жана институционалдык базаны бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолду.

Мындан тышкары, CoSP-11 алкагында Башкы прокурор АКШнын эл аралык баңгизаттарга жана укук коргоо маселелерине жооптуу бюросунун өкүлү Мэгги Нарди менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын делегациясынын катышуусу өлкөнүн эл аралык антикоррупциялык стандарттарды сактоого берилгенин жана глобалдык коррупцияга каршы күрөшүүгө активдүү катышып жатканын тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө