“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин жарыялады. Бул тууралуу ал Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдирди.

Министрлик маалыматына ылайык, Досмамбетов балдар үчүн өмүргө зарыл дары-дармектерди сатып алуудагы ачык эмес жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Тийиштүү комиссия Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте “Кыргызфармациянын” ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерип, учурдагы процедураларды талдап, көйгөйлөрдү аныктап, дары-дармек менен камсыздоодо ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Бул чара балдар үчүн дары-дармектин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо багытында маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Түптө 180 батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Түптө 180 батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында "Хан-Теңири-6" ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 3 алты кабаттуу турак үй курулуп, жалпысынан 180 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинде 42 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 36 үч бөлмөлүү

“Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталат

“Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталат

Президент Садыр Жапаров 25-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин жана ушул байлыкты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кызмат кылдыруучу жаңы доордун босогосунда турганын

Нарын коругундагы көчөтканада 6 миңге жакын көчөт өстүрүлүүдө

Нарын коругундагы көчөтканада 6 миңге жакын көчөт өстүрүлүүдө

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда уюшулган өсүмдүк көчөтканасына 2026-жылы апрелде 6 миңге жакын карагай, көк карагай, арча, кайың, терек жана башка дарактардын көчөтү отургузулган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, көчөткананын ишмердүүлүгү менен министр Акыл Токтобаев жеринен таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө министрге көчөткананын базасы толугу менен оңдолуп, керектүү

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Жогорку Кеңеш “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Мыйзам президенттин 11-июнундагы жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, салыктык жүктү азайтууга жана экономиканын айрым тармактарын колдоого багытталган. Ага ылайык: креативдүү индустрия өкүлдөрү 5 жылга негизги салыктардан бошотулат; коомдук тамактануу жайлары