Кыргызстан менен Корея электрондук бажы кызматташтыгын өнүктүрүүдө кызматташат

Кыргызстан менен Корея электрондук бажы кызматташтыгын өнүктүрүүдө кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квандже менен жолугушуп, эки тараптуу бажы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүү жана маалыматтык системаларды модернизациялоо боюнча долбоорлор каралды. Тараптар тажрыйба алмашууга, бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандекте соодагерлер үчүн шарттар түзүлүп, жаңы соода жайы курулууда

Самаркандек айыл өкмөтүндө калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик адмистрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта базардын кийим-кече сатылган 80 метрлик соода аянты толугу менен оңдолуп, 50дөн ашуун ишкер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, соодагерлер үчүн 50 орундуу жаңы соода жайы да