Салык кызматы жылдык планды тарыхта биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда аткарды

Салык кызматы жылдык планды тарыхта биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда аткарды

Мамлекеттик салык кызматы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында алгач ирет салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык бекитилген планды мөөнөтүнөн мурда толук аткарды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бекитилген планга ылайык, 2025-жылы бюджетке 268 млрд 326,4 млн сом салык түшүүсү каралган. Учурда бул көрсөткүч толук аткарылып, жыл соңуна чейин план ашыгы менен аткарылары күтүлүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жыл аягында салыктар жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн.

2025-жылдын январь-ноябрь айларында эле Салык кызматы тарабынан 275 млрд 742 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бул белгиленген планга салыштырмалуу 12 млрд 271 млн сомго көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда түшүүлөр 71 млрд 881 млн сомго өстү.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да оң көрсөткүчтөр катталды. 11 айдын ичинде 74 млрд 57 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, план 1 млрд 217 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 млрд 680 млн сомго көп.

Жалпысынан жылдын 11 айында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөрдүн суммасы 349,8 млрд сомго жетти. Белгилей кетсек, бул өсүш салык жүгүн көбөйтүү эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процесстерди санариптештирүү жана ыктыярдуу төлөөнүн деңгээлин жогорулатуу аркылуу камсыздалды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media